Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүү ККМ милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт (КРнын Салык кодексинин 128-беренесинин 1-пункту) Башкача айтканда, эгер сиздин сатып алуучуңуз башка ишкер же уюм эмес, жөнөкөй адам болсо, анда сиз ККМди колдонууга тийишсиз.
Кээ бир салык төлөөчүлөр ККМ колдонуу милдетинен убактылуу бошотулган. ККМ колдонуудан бошотулган ишмердүүлүк түрлөрүнүн тизмеси менен КРнын Министрлер Кабинетинин 193-токтомунун № 2-тиркемесинде таанышуу мүмкүн.
«Смарт Касса 2.0» онлайн KKMи кардарлар менен болгон эсептешүүлөр тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде коопсуз канал аркылуу Салык кызматына өткөрүп берет. Салык кызматына берилген маалыматтарды өзгөртүүгө болбойт. Бул процесс «фискалдаштыруу» деп аталат.
ККМ тарабынан МСКга онлайн режиминде жиберилген маалымат фискалдык маалыматтар деп аталат. KKMге тиешелүү фискалдык маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт:
Бул KKMдин жардамы менен түзүлгөн жана анын аныктыгын тастыктоочу документ. Фискалдык документтин реалдуу экендиги Салык кызматы тарабынан документке ыйгарылган QR-код анын аныктыгын тастыктайт.
ККМ тарабынан түзүлүүчү негизги фискалдык документтер болуп контролдук-кассалык чек жана нөөмөттүн жабылышы саналат.
Бул салык төлөөчүнүн фискалдык маалыматтарын камтыган онлайн сактагычы. Фискалдык модулда жазылган маалыматтарды өзгөртүүгө болбойт. Фискалдык модулдагы маалыматтар МСК жана салык төлөөчү үчүн гана жеткиликтүү.
Фискалдык модуль сайте cloud.salyk.kg сайтында жеткиликтүү.
Фискалдык модулду алгандан кийин, «Смарт Касса 2.0» KKМин каттоодон өткөрүү зарыл. Каттоодон өткөрүлгөн соң, Смарт Касса тарабынан түзүлгөн бардык фискалдык маалыматтар МСКнын автоматташтырылган маалымат тутумундагы фискалдык модулуңузда сакталат