Өтүнмө жөнөтүлдү

Өтүнмө ийгиликтүү жөнөтүлдү, биз Сиз менен жакын арада байланышабыз

«Скай Мобайл» ЖЧК унун мобилдик тиркемесин жана «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонуу шарттары (мындан ары – Эрежелер)

1. Терминдер жана Жалпы жоболор

1.1 Терминдер жана аныктамалар

Оператор - «Скай Мобайл» ЖЧК у ( мындан ары текст боюнча «Скай Мобайл» ЖЧК у же «Beeline»), өз ишмердүүлүгүн КР нын мыйзамдарына жана «Beeline TM» товардык белгиси менен берилген лицензиялардын шарттарына ылайык ишке ашырат.

«Смарт касса 2.0» мобилдик тиркемеси же Мобилдик тиркеме же Тиркеме – Тиркемеде жеткиликтүү функционалга ылайык, «Play Market» платформасынан Кардардык түзмөккө орнотулган жана Кардарга же Колдонуучуга кассалык операцияларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бере турган «Смарт касса 2.0» Мобилдик тиркемеси.

Web сайт – Web сайтта жеткиликтүү функционалга ылайык, Кардарга же Колдонуучуга кассалык операцияларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бере турган «Смарт касса 2.0» веб системасы.

Кардардык же Колдонуучулук түзмөк – көрсөтүлгөн маалыматты берүү же кабыл алуу үчүн электр байланыш сигналдарын жарата турган, алдын ала орнотулган Android операциялык системасы бар смартфон же планшет түрүндөгү жеке колдонуу үчүн байланыш каражаты.

Программалык көзөмөл-кассалык машина (мындан ары – «ПККМ») – фиксациялоо, оңдоосуз күнүмдүк (ар бир нөөмөттө) каттоо жана маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде корголгон түрдө берүү функциясы менен кардар тиркемеси катары ишке ашырылган программалык камсыздоо. ПККМ нын иштеп чыгуучусу болуп «Скай Мобайл» ЖЧК у саналат.

Сыр сөз – КР Финиансылык Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары – «МСК») тарабынан берилген, Мобилдик тиркемеге же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүү үчүн тамга-сандык код.

Логин – МСК тарабынан берилген, Мобилдик тиркемеге же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүү үчүн жеке ат.

Кардар – Оператор менен ПККМди техникалык жана сервистик тейлөө боюнча Келишим түзгөн, алдын ала төлөнүүчү тейлөө формасында турган Оператордун номерин колдонгон жеке же юридикалык жак. .

Колдонуучу – Мобилдик тиркеме же «Смарт касса 2.0» Web сайты аркылуу операцияларды ишке ашырган Кардардын соода түйүнүнүн кызматкери (кассир-оператор). Колдонуучу Кардардан Тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүү жана колдонуу үчүн маалыматтарды алат.

Автордоштуруу (далдалдаштыруу) – Мобилдик тиркемени же «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонууга кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатында логинди жана сыр сөздү киргизүү.

Кардардын жана Колдонуучунун жеке маалыматтары - электрондук, кагаз жана (же) башка материалдык алып жүрүүчүлөргө жазылган аныкталган же алардын негизинде аныкталуучу Кардарга же Колдонуучуга ыктыярдуу түрдө берилген маалыматтар.

Сатуулар жана Тейлөө кеңсеси (мындан ары – «СжТК») – «Скай Мобайл» ЖЧК унун адистештирилген сатуулар жана тейлөө борборлору.

Аккаунт – Мобилдик тиркемеде же «Смарт касса 2.0» Web сайтында Кардардын же Колдонуучунун эсеби.

2. Жалпы жоболор

2.1. Мобилдик тиркеме же Web сайт аркылуу Кардарга жана Колдонуучуга кассалык операцияларды жүргүзүү, анын ичинде сатып алуу, алдын ала төлөө, алдын ала төлөөнү, кийин төлөөнү жабуу, кайтаруу, ошондой эле кассага салуу жана кассадан алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Кардар жана Колдонуучу өнүмдөр жана учурдагы жана мурунку нөөмөттөр боюнча отчеттор жөнүндө маалыматты көрө алышат жана Мобилдик тиркеменин же Web сайттын функционалдуулугуна ылайык башка аракеттерди жасай алышат. Мобилдик тиркемеде жана/же веб-сайтта Аккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгү Кардарга жакынкы СжТК де катталгандан кийин берилет.

2.2. Ушул Эрежелердеги 2.1-п. көрсөтүлгөн кызматтарды колдонуу шарттары Тиркемеде жана «Смарт касса 2.0» Web сайтында белгиленет. Бул кызматтарды колдонуу менен Кардар аларды колдонуунун шарттары, наркы жана аларды тарифтөө тартиби менен таанышты жана макул болду деп эсептелет.

2.3. Бул Эрежелер Кардар менен Оператордун ортосундагы милдеттүү юридикалык күчү бар келишим болуп саналат. Келишим Кардар «Смарт касса» Тиркемесин колдонуу боюнча аракеттерди жасаган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет жана кошулуу келишиминин күчүнө ээ болот, бул ушул Эрежелердин бардык шарттарын эч кандай алып салуулар жана чектөөлөрсүз толук жана сөзсүз түрдө кабыл алууну билдирет. Мобилдик тиркемени же «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонуу менен кассалык операцияларды жүргүзүүдө Кардардын жана Колдонуучунун бардык аракеттери үчүн жоопкерчиликти Кардар тартат.

2.4. Мобилдик тиркемеде жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтында камтылган Кардар жана Колдонуучу жана алардын операциялары жөнүндөгү маалыматтар, Оператор тарабынан кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон учурлардан, ошондой эле ушул Эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес.

2.5. Мобилдик тиркемеде жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтында камтылган Салык төлөөчүнүн Аккаунтундагы сыр сөз боюнча маалымат Оператор үчүн жеткиликтүү эмес жана Мамлекеттик салык кызматында сакталат, Оператор бул маалымат үчүн жоопкерчилик тартпайт.

2.6. Оператор Мобилдик тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын мезгил-мезгили менен өзгөртүүгө укуктуу, ага байланыштуу Кардар жана Колдонуучу жаңы же кайра каралып чыккан ушул Эрежелердин шарттарынын жаңыртуусу жүктөлмөйүнчө жана/же бекитилгенге чейин аларды колдонууну уланта албай калышы мүмкүн. Тиркеменин жана/же Web сайттын өнүгүшүнө жараша Мобилдик тиркемеде жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтында Кардар жана Колдонуучу үчүн жеткиликтүү кызматтардын, кызматтардын жана функциялардын тизмеси Оператор тарабынан Кардарга алдын ала эскертүүсүз өзгөртүлүшү, ал эми бул Эрежелер Оператор бир тараптуу кабыл алган чечимине гана ылайык бир тараптуу өзгөртүлүшү мүмкүн. Кардар же Колдонуучу тарабынан Мобилдик тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонууну улантуусу Кардардын бул өзгөртүүлөр менен макулдугун ырастаганы болуп саналат.

2.7. Мобилдик тиркеменин жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынын маалыматтары Оператор тарабынан маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

2.8. Мобилдик тиркеме жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайты Оператор тарабынан Кардарга сунушталып жаткан кызматтардын шарттарын жана наркын көрсөтүү тартибинин өзгөрүүсү жөнүндө, ошондой эле Операторго жана анын мамилелери өзүнчө келишимдер менен жөнгө салынган өнөктөштөрүнө байланыштуу башка окуялар жөнүндө маалымат берүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Кызматтарды башкаруу сервиси Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык гана колдонулат. Аны мыйзамсыз колдонгон учурда, Кардардын жана Колдонуучунун кирүү мүмкүнчүлүгү толугу менен да, анын кайсы бир бөлүктөрүнө да өзүнчө (кошумчалар, бөлүмдөр ж.б.) дароо токтотулат.

3. Жеткиликтүүлүктү жана колдонууну берүү тартиби

3.1. Кардар Мобилдик тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонуу, Мобилдик тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүү жүргүзүлгөн өзүнүн жабдууларын орнотуу жана үчүнчү жактардан коргоо максатында, ар кандай жеткиликтүү функционалды колдонуу менен Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн өзүнүн эсебинен камсыздайт.

3.2. Тиркемедеги жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтындагы бардык аракеттер Кардардын жана Колдонуучунун автордоштуусунан кийин, үчүнчү жактардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында уруксатсыз кирүү жүргүзүлгөнү далилденмейинче, бул жеке Кардар жана Колдонуучу тарабынан жасалган деп эсептелет.

3.3. Кардар жана/же Колдонуучу ушул Эрежелердеги же Тиркеменин жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынын функционалындагы өзгөрүүгө макул болбогон учурда, Кардар жана/же Колдонуучу аларды колдонууну токтотууга укуктуу. Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонууну кайра баштоо Кардардын жана Колдонуучунун жогоруда көрсөтүлгөн Эрежелердеги жана/же функционалдагы жүргүзүлгөн өзгөртүүлөргө макулдугун ырастаганын билдирет.

4. Жоопкерчилик

4.1. Кардар жана Колдонуучу сыр сөздүн жана/же логиндин жоголушу же алардын үчүнчү жактарга берилиши үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле сыр сөздү жана/же логинди жоготуудан же аны үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдөн келип чыккан бардык тобокелдиктерди жана зыяндарды тартат. Кардардын жана Колдонуучунун активдештирилген Мобилдик Тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүүгө мүмкүн болгон өз түзмөгүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн үчүнчү тарапка берүүсү жана кирүү үчүн алынган сыр сөздү өзгөртүүсү Операторду үчүнчү жактардын Мобилдик Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын уруксатсыз колдонуунун кесепеттери үчүн жоопкерчиликтен бошотуу үчүн шартсыз негиз болуп саналат.

4.2. Кардар жана Колдонуучу Тиркеменин жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынын функционалдуулугун колдонуп, Тиркеменин жана/же Оператордун Web сайтынын, Мобилдик тиркеменин жана/же «Смарт касса» Web сайтынын иштешине жана Тиркемени жана/же «Смарт касса» Web сайтын колдонуунун тууралыгына зыян келтириши мүмкүн болгон сертификатталбаган жабдууларды жана программалык камсыздоону колдонгону үчүн жоопкерчилик тартышат.

4.3. Кардар жана Колдонуучу Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын үчүнчү жактар тарабынан адилетсиз колдонуусун болтурбоо үчүн өз жабдууларын орнотуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө жана мындай колдонуу учурлары аныкталган учурда ыкчам жооп кайтарууга милдеттенет. Оператордун күнөөсү жок болгон учурда, ошондой эле Кардардын жана/же Колдонуучунун Мобилдик тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын туура эмес колдонгонунан келип чыккан Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын уруксатсыз колдонуу үчүн оператор жоопкерчилик тартпайт.

4.4. Колдонуучу ал (Кардар) жөнүндөгү маалыматты - Мобилдик тиркемеде жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтында аткарылган отчетторду, чектерди, операцияларды үчүнчү жактарга өткөрүп берген учурда, Кардар жоопкерчилик тартат.

4.5. Оператор Мобилдик тиркеменин жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынын иштөөсүнүн Оператордун тармагында жүргүзүлүп жаткан техникалык жана профилактикалык тейлөөгө байланыштуу үзгүлтүккө учурашынын натыйжасында, ошондой эле сеанстын үзүлүшүнүн, Мобилдик тиркеменин жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынын функцияларынын өзгөрүшүнүн натыйжасында, ошондой эле үчүнчү жактардын аракеттерине байланыштуу Кардарга жана/же Колдонуучуга келтирилген тике жана кыйыр зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

5. Кепилдиктерден баш тартуу жана жоопкерчиликти чектөө

5.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Тараптар ушул Келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

5.2. Колдонуудагы мыйзам жол берген өлчөмдө «Скай Мобайл» ЖЧК у Кардарга жана Колдонуучуга Тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына карата эч кандай ишендирүүлөрдү, милдеттенмелерди же кепилдиктерди, анын ичинде сапат кепилдиктерин, функционалдуу мүмкүнчүлүктөрдү, жеткиликтүүлүктү же иш жөндөмдүүлүктү бербейт. Тиркеме жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайты Кардарга жана Колдонуучуга «кандай болсо ошондой» шартында берилет.

5.3. Оператор Тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүү жана колдонуу мүмкүн эместиги үчүн жоопкерчилик тартпайт. Оператор Кардардын жана Колдонуучунун Тиркемеге жана/же «Смарт касса» Web сайтын каалаган убакта, Кардар жана Колдонуучу каалаган жерден колдоно ала тургандыгына же Оператор жалпысынан же белгилүү бир географиялык аймакта керектүү мүмкүнчүлүктөргө ээ боло турганына кепилдик бербейт.

5.4. Оператор Кардардын жана/же Колдонуучунун түзмөгүнүн ишке жөндөмдүүлүк абалы сыяктуу, ошондой эле күтүлбөгөн окуялар, мисалы, жагымсыз аба ырайынын шарттары же техникалык көйгөйлөр (анын ичинде хакерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келип чыккан), аларды чечүү үчүн акылга сыярлык алдын алуу чаралары көрүлгөнүнө карабастан, жүргүзүлүп жаткан операциялардын үзгүлтүккө учурашы Оператордон көз каранды болбогон жагдайлар катары каралышы мүмкүн болгон себептер боюнча Тиркеменин жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынын берилинин кечигүүсү же берилбегендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт

5.5. Кардар жана/же Колдонуучу тарабынан түзүлгөн жана сакталган маалыматтын мазмуну үчүн түздөн-түз Кардар жоопкерчилик тартат. Оператор Кардар жана Колдонуучу тарабынан жайгаштырылган жана/же жайылтылган маалыматтын мазмунуна алдын ала көзөмөл жүргүзбөйт, бирок мындай маалыматты жайгаштыруу жана жайылтуу мыйзамга карама-каршы келген учурда, Оператор Тиркемеге жана/же «Смарт касса» Web сайтына жана/же Тиркеменин жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынына ресурстарына тиешелүү кирүү мүмкүнчүлүктөрүнө эскертүүсүз бөгөт коюуга, чектөөгө же жок кылууга укуктуу.

5.6. Тиркемеде жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтында аткарылган аракеттер үчүн бардык жоопкерчилик Кардарга жүктөлөт. .

6. Мобилдик тиркемени жана «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонуу Саясаты жана Шарттары

6.1. Кардар жана Колдонуучу учурдагы жана «Скай Мобайл» ЖЧК унун таанылган өнөктөштөрүнөн тышкары Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын жана Тиркеме жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайты аркылуу жеткиликтүү болгон үчүнчү жактардын башка кызматтарын колдонбоого же колдонууга аракет кылбоого милдеттенишет:

6.2. Кардар жана Колдонуучу жогоруда 6.1-пунктта көрсөтүлгөн талаптарды, ошондой эле ушул Келишимдин башка шарттарын бузган учурда, Оператор Кардар жана/же Колдонуучу үчүн Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын же анын айрым ресурстарын бөгөттөй алат, ошондой эле ушул Келишимди токтотууну жана ушул укукка кошумча: (a) Оператор Кардарга жана Колдонуучуга каршы доо арыз менен кайрыла алат, жана (b) Кардар жана Колдонуучу Операторго карата гана эмес, ошондой эле башка кардарларга жана башка үчүнчү жактарга (бирге - « Үчүнчү жактар») карата дагы кошумча юридикалык жоопкерчиликке ээ болушу мүмкүн, алар ошондой эле Кардарга жана Колдонуучуга дооматтарды коюшу мүмкүн.
Колдонуучу тарабынан 6.1-пунктту бузуунун натыйжасында, же Кардардын жана/же Колдонуучунун ушул Келишимдин башка бузуусунун, Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын мыйзамсыз колдонуусунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кандайдыр бир нормаларын же үчүнчү тараптардын укуктарын бузуусунун натыйжасында Операторго же Үчүнчү Тараптарга келтирилген зыяндын ордун Кардар жана Колдонуучу Операторго толтурууга милдеттүү, ошондой эле Кардар жана Колдонуучу Үчүнчү Тараптарга ордун толтурууга милдеттенет.

6.3. Акылга сыярлык ак ниеттүүлүк менен иш алып баруу менен Оператор өзүнүн кароосу боюнча Кардардын жана/же Колдонуучунун Колдонуу саясатынын талаптарын сактоосун аныктайт. Оператор кандайдыр бир чараларды көрөөр алдында, ал кошумча маалыматтарды талап кылууга жана башка аракеттерди жасоого укуктуу.

7. Жеке маалыматтар

7.1. Кардар жана Колдонуучу Мобилдик тиркеме жана/же «Смарт касса» Web сайты аркылуу автордоштуруу менен Операторго өздөрүнүн Жеке маалыматтарын кандай гана жол менен болбосун, анын ичинде социалдык тармактардан алуу жолу менен чогултууга, сактоого, иштетүүгө, ошондой эле бул маалыматтарды Оператордун Өнөктөштөрүнө сунуштарды түзүү жана Кардарга же Колдонуучуга кызматтарды жана сервистерди көрсөтүү, маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн берүүгө макулдугун беришет. Оператор Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде, ошондой эле Келишим бузулгандан кийинки 3 (үч) жыл ичинде Кардарлардын жана Колдонуучулардын жеке маалыматтарын сактоого, иштетүүгө укуктуу. Уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин жеке маалыматтарды мындай сактоо байланыш кызматтарын көрсөтүүгө байланыштуу же андан келип чыккан маселелер боюнча соттук териштирүүлөрдө бул маалыматтарды далил катары колдонуу зарылдыгы менен шартталган.

7.2. Кардардын жана/же Колдонуучунун Жеке маалыматтарын чогултууга, сактоого, иштеп чыгууга жана берүүгө, анын ичинде Өнөктөштөр аркылуу, макул болбогондо же кайра чакыртып алган учурда, Кардар жана/же Колдонуучу баш тартуу жөнүндө тиешелүү арызга кол коюуга милдеттенет. Ошол эле учурда, мындай баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык чогултуу, сактоо жана иштетүү талап кылган Кардар жана Колдонуучу жөнүндө Кызматтык маалыматка (Кардар менен Колдонуучунун Тиркеме жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайты менен өз ара аракеттенүүсүнүн жүрүшүндө алынган ар кандай маалыматка) таралбайт. Кардар жана/же Колдонуучу жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугун чакыртып алганда же макулдук берүүдөн баш тарткан учурда, Оператор Кардарга жана/же Колдонуучуга кызмат көрсөтүүнү токтотууга же андан баш тартууга укуктуу, анын берилиши алардын жеке маалыматтарын иштетүүнү талап кылат. Каттоо учурунда үчүнчү жактардын маалыматтары алардын макулдугусуз колдонулгандыгы аныкталса, Оператор Кардардын жана/же Колдонуучунун Мобилдик тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүүсүнө бөгөт коюуга укуктуу.

8. Тараптардын милдеттенмелери

8.1. Кардар жана Колдонуучу:

8.1.1. Каттоо/автордоштуруу учурунда Кардар/Колдонуучу чындыкка туура келген маалыматты берүүгө милдеттенет;

8.1.2. Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонууда программалык камсыздоого же анын кандайдыр бир бөлүгүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат;

8.1.3. Кардар «Скай Мобайл» ЖЧК уна алардын Жеке маалыматтарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө тез арада билдирүүгө милдеттенет;

8.1.4. Кардар жана Колдонуучу «Скай Мобайл» ЖЧК уна SIM-картанын, кардар түзмөгүнүн уурдалышы/жоголушу, коопсуздуктун ар кандай бузулушу же Тиркемени жана/же «Смарт касса» Web сайтын уруксатсыз колдонуу фактысы жөнүндө кабардар болгондо дароо билдирүүгө милдеттенишет;

8.1.5. Кардар SIM-картаны жана абоненттик номерди башка жакка өткөрүп берүүдө 10 (он) календардык күндүн ичинде бул жакка уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин кайра каттоого жана бул SIM-картага байланышкан ПККМди каттоодон чыгарууга милдеттенет;

8.1.6. Кардар жана Колдонуучу Тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүүгө жана аларды мыйзамдуу, уруксат берилген жана жол берилген максаттарда гана колдонууга милдеттенет. Кардар жана Колдонуучу Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» We сайтын төмөнкү аракеттерди жасоо үчүн колдонбоого (жана башкаларга колдонууга жардам бербөөгө) милдеттенишет:

8.2. Оператор:

8.2.1. Оператор «Смарт касса 2.0» Тиркемесинин каалаган программалык камсыздоосун өзгөртүүгө укуктуу («Смарт касса 2.0» мобилдик тиркемесинде жана/же Web сайтта);

8.2.2. Кардар жана/же Колдонуучу ушул Эрежелердин шарттарын бузган учурда же алдамчылык, фрод, акчаны адалдоо фактылары же башка мыйзамсыз аракеттер аныкталса, Оператор бул жөнүндө Кардар менен Колдонуучуга алдын ала эскертүүсүз Кардардын жана/же Колдонуучунун Тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына кирүүсүнө тыюу салууга укуктуу;

8.2.3. Оператор Тиркеменин жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынын иштешин камсыз кылуу үчүн тартылган программалык камсыздоонун жана/же аппараттык каражаттардын иштөөсүндөгү бузулуулар, каталар жана мүчүлүштүктөр табылган учурда, ошондой эле профилактикалык максаттарда жана Тиркемеге жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтына уруксатсыз кирүүгө жол бербөө үчүн - программалык жана аппараттык каражаттардын ишин токтото турууга укуктуу;

8.2.4. Оператор Кардарга ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтынын колдонуу шарттарын камтыган «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонуу эрежелеринин жаңы версиясы жөнүндөгү маалыматты сайтта жана Мобилдик тиркемеде жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирүүгө милдеттенет;

8.2.5. Тиркемени жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтын колдонуу үчүн төлөмдүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кардарга милдеттүү түрдө билдирүү менен ушул Келишимдин шарттарын жаңылоо жолу менен бир тараптуу өзгөртүүгө;

8.2.6. Оператор Кардар жана/же Колдонуучу тарабынан ыктыярдуу түрдө берилген маалыматты Тиркемеде жана/же «Смарт касса 2.0» Web сайтында тандап же толугу менен сактоого укуктуу. Оператор тарабынан бул маалыматты сактоо жана колдонуу эрежелери уюлдук байланыштын операторлоруна карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.